www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги буга чейин берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларга жана лицензиялык келишимдердин аткарылышына масштабдуу инвентаризация жүргүздү.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жер казынасын пайдаланууга 2000ге жакын лицензия берилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиялык талаптарды бузган 836 учур аныкталган.
Мыйзам бузууларды жоюу жана тармакта тартип орнотуу боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында 600гө жакын лицензиянын иши убактылуу токтотулуп, айрымдары толугу менен жокко чыгарылган.
Текшерүүдө эң көп катталган мыйзам бузуулардын катарына рекультивациялык эсептер жана банктык реквизиттер боюнча билдирүүлөрдүн жоктугу, бонустарды төлөө милдеттенмелеринин аткарылбашы, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана башка милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбагандыгы кирген.
Министрликке караштуу Кыргыз геология кызматына жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жана аныкталган ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.