www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жагдайга жараша ыңгайлаша билүүдө, астына ат салдырбаган сапаты бар экенин көрсөттү. Мына айталы, коомчулуктун блогерлерге берилген салык жеңилдиктерине карата нааразычылыгы күчөп турган чакта ал чечимди коргоп чыгууга шашылды.
Анын айтымында, бүгүнкү блогер жөн гана телефон көтөргөн адам эмес, келечекте чоң медиакомпанияга айланышы мүмкүн болгон долбоор. Ошондуктан мамлекет азыркы кирешени эмес, келечектеги мүмкүнчүлүктү колдоп жатат.
Бирок коомчулукта өлкөдөгү миңдеген чакан ишкерлер салыктын оорчулугун тартып турганда, эмне үчүн өзгөчө макам дал ушул блогерлерге берилиши керек деген суроого жооп издеп жатышат.
Шыкмаматов болсо бул чечимди артыкчылык эмес, инвестиция катары түшүндүрүүдө. Ал коомчулук күмөн санаган демилгени мамлекеттин стратегиялык кадамы катары көрсөтүп, аны негиздеп берүүгө аракет кылууда.
Бир кезде катуу талаптарды жактап келген саясатчы бүгүн өсүп-өнүгүүгө шарт түзүүнү биринчи орунга коюп жатканын айтууда. Муну кимдир бирөө мамлекеттик көз караштын өзгөрүшү десе, башкалар саясаттагы жагдайга жараша багыт таба билүүнүн үлгүсү катары баалашууда.
Дегенибиз, блогерди келечекте ири салык төлөөчү өндүрүшчү ишкер катары көрсөтүү аракети күлкү келтире турган жорук эмеспи?