www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.

БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:

- Болгария Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

- Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

- Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын;

- Египет Араб Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын;

- Ислам Кызматташтык Уюмунун;

- Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Элчилигинин;

- Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин;

- Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилигинин;

- Кыргыз Республикасындагы Мажарстандын Элчилигинин;

- Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын Элчилигинин;

- Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун;

- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин байкоочулар миссиясынын;

- Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын;

- Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын;

- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын;

- Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын өкүлдөрү.

Белгилей кетсек, БШК бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 297 эл аралык байкоочуларды аккредитациялады.

Последние новости