www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Түштүк Корея транспорттук инфраструктураны жана өндүрүш тармагын санариптештирүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке ашырууну баштайт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 4-августта министрдин орун басары Кубанычбек Тургунбаев Кореянын Электрондук өнөр жай кооперативинин (KEIC) IEM-TASK долбоорунун жетекчиси Санг Ми Чой баштаган делегация менен жолугушту.

Жолугушууда «2026–2030 Корея – Кыргызстан: санариптик трансформация сектору үчүн Кореянын технологиялык консультациялары жана чечимдери (IEM-TASK)» долбоорун ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Долбоордун алкагында аэропортторду башкаруу системаларын, багажды иштетүү жана логистикалык процесстерди автоматташтыруу, автобустардын маалыматтык системаларын, электрондук таблолорду, акылдуу аялдамаларды, санариптик маалымат такталарын жана «акылдуу фабрика» технологияларын өнүктүрүү каралган.

Ошондой эле кореялык адистер техникалык консультацияларды берип, технологияларды трансферттөө, санариптик трансформация боюнча мастер-пландарды иштеп чыгуу жана кадрларды даярдоо иштерине көмөктөшөт. Кыргызстанда техникалык семинарлар уюштурулуп, адистер Кореяда окуудан өтүшөт.

Долбоор 2026–2030-жылдары ишке ашырылат.

Ага мамлекеттик жана жеке сектордон 20га жакын ишкана катышып, алардын ичинен 10у негизги программага тандалып алынат.

Долбоор өлкөнүн транспорт тармагын санариптештирүүгө жана заманбап технологияларды жайылтууга багытталган.

Последние новости