www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Араб мамлекеттеринин лигасынын Түркиядагы Миссиясынын жаңы дайындалган башчысы Малек Мусли менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинде өттү.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен араб мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу багыттарын, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.