www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Облус башчысы үч эм төрөлгөн үй-бүлөдөн кабар алды

Сузак районунун тургуну Жаркынай Алмаматова Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Алардын экөө кыз, бирөө эркек.

Бүгүн облус башчысы Тилек Текебаев төрөт үйүнө барып, алардын абалынан кабар алды. 

Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, канааттандырарлык деп бааланууда.

Облус башчысы аталган үй-бүлөнү куттуктап, ымыркайлардын ден соолугу чың, өмүрү узун болуп, эл-журтка кызмат кылган татыктуу инсандардан болуп чоңоюшуна тилектештигин билдирди.

Ошондой эле белектерин тапшырып, үч эмдин төрөлүшү үй-бүлө үчүн эле эмес, жалпы облус үчүн да кубанычтуу окуя экенин белгиледи.

Последние новости