www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Кытайга кургатылган өрүктүн алгачкы 23 миң кг партиясы ийгиликтүү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин Кытайга киргизүүгө уруксат берилген айыл чарба продукциясынын тизмесине кургатылган өрүк киргизилген. Экспорт кыргыз ишканасынын Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын CIFER маалыматтык системасында ийгиликтүү каттоодон өтүшүнүн негизинде ишке ашырылды.
«Бул экспорт кыргыз тараптын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын максаттуу жана координацияланган ишинин натыйжасы болуп саналат. Алар продукциянын коопсуздугун, сапатын жана из калтыруучулугун камсыздоо менен Кытай тараптын санитардык жана карантиндик талаптарынын толук аткарылышын камсыз кылышты», — деп айтылат маалыматта.
Продукцияны даярдоо учурунда бардык талап кылынган фитосанитардык процедуралар сакталган: лабораториялык сыноолор жүргүзүлүп, фитосанитардык сертификаттар берилген жана жөнгө салынуучу зыяндуу организмдердин жоктугу тастыкталган.
Бул жеткирүү Кытай рыногуна кыргыз продукциясынын жолун ачкан маанилүү кадам болуп саналат жана келечекте экспорт көлөмүн көбөйтүүгө, товардын түрлөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын ишенимдүү соода өнөктөш катары позициясын чыңдоого өбөлгө түзөт.