www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан күйүүчү майдын 90 пайызын, ал эми жаратылыш газын 100 пайыз Россиядан импорттойт.

Өлкө бул көз карандылыкты азайтуу үчүн мунай иштетүүчү заводдордун кубаттуулугун жогорулатып, жаңы заводдорду курууну пландоодо.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, курулуп жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу ишке кирсе, Кыргызстан Түркмөнстан, Азербайжан жана Ирандан күйүүчү май жана мунай заттарын темир жол аркылуу импорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Президент Кыргызстанда учурда мунай иштетүүчү эки завод — Кара-Балтадагы «Жунда» жана Жалал-Абаддагы «Кыргыз Петролеум Компани» иштеп жатканын белгиледи. Бирок алардын азыркы кубаттуулугу өлкөнүн ички керектөөсүн толук камсыз кылууга жетишсиз.

Учурда эки заводдо тең модернизациялоо иштери жүрүп жатат. «Кыргыз Петролеум Компани» заводун жаңылоого болжол менен 400 млн сом бөлүнүп, анын 200 млн сому мамлекет тарабынан, калган бөлүгү инвестор тарабынан каржыланууда.

Модернизациялоо аяктагандан кийин завод 2028-жылдан тарта экологиялык таза К5 (Евро-5) стандартындагы күйүүчү май өндүрүүгө өтүп, өлкөнүн түштүк аймагынын керектөөсүнүн бир бөлүгүн камсыздай турганы айтылды.

Ал эми «Жунда» заводунун толук ишке кириши менен Кыргызстандын түндүк аймагынын күйүүчү майга болгон муктаждыгынын жарымынан көбүн ата мекендик өндүрүш аркылуу жабуу пландалууда.

Садыр Жапаровдун айтымында, өлкөнүн күйүүчү майга болгон муктаждыгын толук камсыздоо үчүн Кемин жана Ош же Манас шаарларына жакын аймактарда дагы эки мунай иштетүүчү завод куруу максатка ылайык.

Президент дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө Ормуз кысыгындагы Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуу да таасир берип жатканын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстанда күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн мамлекет тарабынан субсидия берилип жатканы айтылды. Анын маалыматына караганда, бензиндин баасы 80–90 сомдон ашпашы үчүн мамлекет ар бир литрине болжол менен 20 сомдон кошумча төлөп жатат.

Мындан тышкары, мамлекет электр энергиясынын тарифтерин да субсидиялап, калк үчүн анын баасын төмөн деңгээлде кармап турганын президент кошумчалады.

Последние новости