www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарында жана Кочкор районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган көп кабаттуу турак жай комплекстеринин ачылыш аземине катышты.
Нарын шаарында 216 батирлүү, ал эми Кочкор районунда 217 батирлүү турак жай комплекстери пайдаланууга берилди. Жаңы үйлөрдө балдар үчүн оюн жана спорт аянтчалары, эс алуу зоналары, унаа токтотуучу жайлар жана башка зарыл шарттар каралган.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу боюнча иштер мындан ары да улантыларын белгиледи.
«Үйгө муктаждарга турак жай куруу саясатын мындан ары дагы улантабыз. Үйгө муктаж болгон ар бир кыргызстандык үйлүү болгонго чейин уланат», — деди Садыр Жапаров.
Президенттин айтымында, жыл соңуна чейин Баткен, Токмок, Кара-Балта, Манас, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Сокулук, Сузак, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда 20 миңден ашык батирдин курулушу аяктайт.
Ошондой эле Жумгал районунун Чаек айылында 8 блоктон турган, 6 кабаттуу, 240 батирлүү турак жай комплексинин курулушу башталганын айтты.
Мындан тышкары, Нарын шаарында кадр тартыштыгын чечүү максатында муниципалдык менчикке 20 кызматтык батир, ал эми Кочкор районунун Ормон-Хан айыл өкмөтүнө дагы 20 кызматтык батир бөлүнөрүн билдирди.
Мамлекет башчысы өлкө боюнча 150–200 миңге жакын үй-бүлө жеткиликтүү турак жайга муктаж экенин белгилеп, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн турак жай куруу багытындагы иштер улантыларын кошумчалады.