www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда электр энергиясынын жетишсиздиги 4,3-4,5 миллиард кВт/саатка жетиши мүмкүн. Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, өлкөдө керектөө 19,6 миллиард кВт/саатты түзсө, ички өндүрүш болгону 14,1-14,3 миллиард кВт/саат менен чектелмекчи.
Кыштан чыгуу үчүн Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү кеминде 17-18 миллиард куб болушу керек болсо, учурда бул көрсөткүч — 12,3 миллиард кубга түштү. Бул жагдай чакан ГЭСтерди эмес, ири ГЭСтерди курууну талап кылат.
Мындай пикирин энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев “NazarNews” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
- Расул Акматович, жакында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын Мамлекеттик энергетика башкармалыгы электр энергетикасы боюнча кызматташуу макулдашуусуна кол коюшту. Бул документтин алкагындагы кытайлык инвестициялар өлкөнүн тышкы карызына кандай таасир этет?
- Бул келишме, макулдашу жалпы кызматташуу жөнүндө болуп жатат. Эч кандай реалдуу энергетикалык долбоорлор жана инвестициялар жөнүндө сөз болгон жок.
2010-жылдан баштап, 2018-жылга чейин Кыргызстан Кытай мамлекеттик Эксимбантан ири эки энергетикалык долборлор үчүн Бишкек ЖЭБ модернизацияга 500 млн. доллар жана подстанция Датка 250 млн. доллар, Датка-Кемин ЛЭП-500 510 млн. доллар, ошондой эле жалпы курулушуна 1 млрд. 250 млн. доллар насыя алган. Бул карыздан Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин кутула элек. Инвестиция жана кредит алуу түздөн-түз тышкы карыздын өсүшүнө таасир берет. Эмне дегенде чет элдик инвесторлор өзүнүн акча каражатын тез арада кайтарып жана киреше алганга кызыкдар. Ошондуктан тышкы коммерциялык ишканалар салык, кымбат энерготарифтен жеңилдетилген шарттарды талап кылышат.
- Мамлекеттик карызды көбөйтпөй, долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же түз инвестиция форматында ишке ашырууга Кыргызстандын экономикалык дарамети жетеби?
- Ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖО) катары ички түздөн-түз инвестиция форматында Кыргызстан экономикалык жагынан дарамети жетишсиздик кылат. Бирок ички инвесторлордун жалаң чакан ГЭСтерди курууга акча каражаты жетиштүү эле. Ал эми чакан ГЭСтер менен энергетикалык кризисти жоюу маселени жеңилдетүүгө болбойт. Кандай болгон чакта да чоң кубаттуу ГЭСтерди куруу керек.
Эгер мамлекеттик карыздын өсүшүнө жол койбойлу десек, долбоорлорду МЖО же түз инвестиция менен ишке ашырууну жолго коюу керек. Бул үчүн мамлекет саясий туруктуулукту, ачык-айкын кепилдиктерди жана инвесторлор үчүн ишенимдүү укуктук чөйрөнү камсыз кылып берүүсү зарыл.
- Алдыдагы кышкы мезгилге өкмөттүн даярдыгы кандай жана өлкө боюнча 19,6 млрд кВт·саат керектөө күтүлүүдө. Анын 4,1 млрд кВт·сааты импорттолору айтылды. Импорт кайсы өлкөлөрдөн жана кандай баада келет?
- Эң негизги күз-кыш мезгилине даярдык көрсөткүчүндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 1 – октябрга карата 12,3 млрд. куб түздү. Бул суунун көлөмү эң аз жана өтө кооптонуу жаратат. Эмне үчүн дегенде, күз-кыш мезгилди ийгиликтүү өткөрүү үчүн жок дегенде 17-18 млрд. куб суу керектелет. Минкаб чыгарган күз-кыш 2026-3027-жылдарга даярдык жөнүндөгү токтомдо Кыргызстан 19,6 млрд. кВт/саат колдонулат. Электр энергияны өндүрүлүшү 14,1-14,3 млрд.кВт/саатты түзөт. Ошондо электр энергиянын жетишсиздиги 4,3-4,5 млрд, кВт/саат болушу мүмкүн.
Кыш мезгили жылуу болгон чакта деле коңшу мамлекеттерден, тагыраагы Өзбекстан, Казакстан жана Түркменстандан толук кандуу импорт алышыбыз ыктымал. Эгерде кыш суук боло турган болсо, коңшу өлкөлөр дагы бизге керектүү көлөмдөгү электр энергиясын бере албайт. Учурда элетроэнергиясынын импорт баасы божомол менен 3,2-3,4 сом 1 кВт/саат түзөт.
- Импорттук көлөм кыштын эң суук күндөрүндөгү тартыштыкты толук жаба алабы же аймактарда чектөөлөр (өчүрүүлөр) күтүлөбү?
- Кыштын эң суук мезгилинде коңшу мамлекеттер Кыргызстанга керектүү көлөмдөгү электр энергияны экспорт кыла албашы мүмкүн. Анткени ошол эле убакытта өздөрүндө жетишиздик пайда болуп калат. Ар бир өлкө өздүк улуттук жана энергетикалык коопсуздугун сактайт жана бекемдейт. Мындай убакытта импорт кескин түрдө азаят. Өзүбүздун энергетикалык өндүрүштө жетишиздик пайда болуп калат. Ошондо минкаб жана энергоминистирлик мына ушундай жагдайда бардык жактарга чектөөлөрдү киргиүүгө мажбур болуу ыктымалдуулугу бар. Мында үч фазалуу колдонууну өчүрүп, 3 кВт/саатка өткөрөт. Кээ бирки район, айыл, чоң көчөлөрдү мезгил-мезгили менен жалпы “веердик” өчүрүлөргө аргасыз кылышат.
Турдайым Кожомбердиева