www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин ишине байланыштуу айтылган сын-пикирлерге жооп берди. Бул тууралуу ал 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындан ары парламенттин дарегине негизсиз дооматтарды айтып, адамдардын ар-намысына шек келтирген билдирүүлөргө чара көрүлөт.
Маматалиев социалдык тармактарда жана коомчулукта Жогорку Кеңешти «алсыз» деп сындагандарга кайрылып, мындай баа берүүдөн алыс болууга чакырды. Ал айрым саясатчылардын парламент тууралуу айткан пикирлерине токтолуп, алардын өлкөгө жана мыйзам чыгаруу ишине кошкон салымы тууралуу суроо жаратканын белгиледи.
Төрага Жогорку Кеңештин музейинде мурда парламентте иштеген саясатчылардын эмгектери менен таанышканын айтып, алардын арасында өлкө үчүн маанилүү мыйзамдарды иштеп чыккан адамдарды издегенин билдирди.
"Анча-мынча чала саясатчылардын сүйлөгөнүн карап көрдүм. “Алар өздөрү Кыргызстанга өмүрүндө беш жакшылык кылдыбы?” деген суроого жооп таба албай койдум. Биз Жогорку Кеңеште музей ачтык. Ал жерде мурда парламентте иштеп кеткен саясатчылар бар экен. Беш жакшы мыйзам жазды бекен деп карап таба албай койдук”, - деди ал.
Ошондой эле ал азыркы Жогорку Кеңештин ишин мурдагы чакырылыштар менен түз салыштырууга болбой турганын айтты. Маматалиевдин белгилешинче, мурда Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу системасы болуп, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кең болгон.
Белгилей кетсек, Маматалиев сөзүндө конкреттүү саясатчылардын аты-жөнүн атаган эмес.