www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максатында рейддик жана профилактикалык иш-чаралар уланууда.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жыл башынан бери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте рейддерди өткөрүп келет.
Иш-чаралардын жүрүшүндө белгиленген ченемдерден ашык зыяндуу заттарды чыгарган транспорт каражаттарына байланыштуу 150 протокол түзүлгөн. Мыйзам бузган жарандарга жана унаа ээлерине жалпы 1 млн 939 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Мындан тышкары, Бишкекте 0–13 мм фракциядагы майда көмүрдү сатууга, сактоого жана пайдаланууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө борбор калаада 11 отун базасы жана 33 стационардык көмүр сатуу пункту иштеп жатат.
Буга чейин шаар аймагында 21 рейд өткөрүлүп, 31 көмүр сатуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.