www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Казакстандагы селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бул ирет гумжардам жарандар тарабынан чогултулуп, Кыргызстандын президентинин резервдик фондунан да акча бөлүнгөн.

"Жүктүн 150 тоннасы биокефир, сыр, кургак сүт, каймак сыяктуу Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктары. Аны жеткирүү тапшырмасы ӨКМге жүктөлдү", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстан коңшу мамлекетте селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын 6-апрелде жөнөткөн. Анда 15 фура 300 тонна жүк жеткирген.

Эске салсак, суу Казакстандын жети облусун каптап, миңдеген жарандар үйүн таштап башка жакка көчүрүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости