www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 303 турниринде америкалык Майкл Чандлер менен беттешет.

Орто салмактагы беттеш 29-июнда Лас-Вегаста болорун UFC Russia билдирди.

UFC уюмунун эки жолку чемпиону Макгрегор акыркы жолу 2021-жылдын июль айында беттешкен. Андан кийин бутун сындырып, америкалык Дастин Порьеге техникалык нокаут менен утулуп калган.

Макгрегор — Чандлер беттеши алгач 2023-жылы болмок. Бирок ирландиялык мушкер USADA тестирлөө бассейнине убагында кайтып келген эмес, ошондуктан алардын кармашы жарыяланбай калган.

Макгрегор 35 жашта. Ал ММА боюнча 28 беттеш өткөргөн. Анын 22синде жеңишке жетип, алтоосунда жеңилген. 2015-жылы өзүнүн биринчи UFC курун жеңип алган. Кийинчерээк уюмдун тарыхында бир эле учурда ар кандай салмак категориясында эки титулга ээ болгон (жарым жеңил салмакта жана жеңил салмакта) алгачкы мушкер болгон. Ал америкалык Дастин Порье менен акыркы беттешин 2021-жылдын июль айында UFC 264 турниринде өткөргөн. Беттеш Макгрегор бутун сындырып алгандан кийин биринчи раундда аяктаган.

36 жаштагы Чандлердин эсебинде 23 жеңиш жана сегиз жеңилүү бар. Ал — мурдагы Bellator чемпиону.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости