www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭАкыркы беш жылда Кыргызстан 3,3 миллиард доллар мамлекеттик карыз төлөдү. Бул дегендик 285,4 миллиард сом. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, карыздын басымдуу бөлүгү, 79 миллиард сому ушул 2025-жылы төлөнгөн. Ал бул көрсөткүчтү өлкөнүн финансылык туруктуулугунун белгиси катары баалап, мамлекеттик карыздын ИДПга болгон катышы мурдагы 68-84 пайыздан 42 пайызга түшкөнүн баса белгиледи.

Бир караганда кубанычтуу жаңылыктай туюлат. Бирок ошол эле учурда расмий статистикага таянсак, мамлекеттин жалпы карызы бир жыл ичинде эле 33 пайызга өсүп, 8,4 миллиард долларга жеткен. Бул Евразия экономикалык биримдигинде эң жогорку өсүү көрсөткүчү. Демек, карыз төлөнүп жатса да, жаңы карыз, милдеттенмелер мурдагыдан да тезирээк көбөйүүдө.

Президент айткандай, алынган каражаттар «экономиканы өнүктүрүүчү, өзүн актаган долбоорлорго» жумшалууда. Буга Камбар-Ата ГЭСи менен Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу мисал катары айтылды. Өкмөт бул долбоорлордун келечекте өз кирешеси менен карызды жапканын күтөт. Бирок мындай узак мөөнөттүү долбоорлор ишке ашканча, натыйжа, майнап бергенче экономикалык кырдаал дагы кандай нукта өзгөрөт, ага эч ким кепилдик бере албайт. 

Дегенибиз, ага дейре ички социалдык көйгөйлөр, жумушсуздук, инфлияциянын өсүшү, кымбатчылык, карыздын өсүшү оң натыйжалары жууп кетүүчү чоң факторлор. Кыскасы, расмий эсеп боюнча карыз азайып жаткандай көрүнөт, бирок чыныгы жүк дагы эле улуттун ийининде. Өнүгүү үчүн алынган ар бир доллар келечекте пайда алып келеби же жаңы карыздын башаты болобу, мунун жообу алдыдагы жылдардын экономикасында көрүнөт.

Последние новости