www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Маврикий Республикасынын Тышкы иштер, аймактык интеграция жана эл аралык соода министри Жаханджай Рамфул менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашышты.

Көп тараптуу аянтчалардагы өз ара аракеттенүүгө жана бири-бирин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер жамааттык кызматташтык механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууда макулдашылган аракеттердин маанилүүлүгүн тастыкташты. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар менен алмашуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Последние новости