www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 19-декабрында Османие провинциясына жасалган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Османие провинциясынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Деврим Мурат Аксой менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жана инвестиция тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулашты. Элчи Р. Казакбаев түрк тарапты Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана экономикалык потенциалы менен кеңири тааныштырып, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилигине Кыргызстандан даярдалган инвестициялык долбоорлордун пакетин тапшырды. Тараптар конкреттүү долбоорлордун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу жөнүндө макулдашышты.

Ошондой эле Элчи Османие провинциясынын ишкер чөйрөлөрүнүн Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосунда Түркияда да, Кыргызстанда да B2B-жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы бул демилгени оң баалап, Османие провинциясы өнүккөн айыл чарба жана өнөр жай тармактарына ээ экенин, ошондой эле деңиз портторуна жакын жайгашуусун эске алуу менен Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи.

Иш сапардын уландысы катары Элчи Р. Казакбаев «OHKAR Holding» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Халил Ибрагим Караджуджук менен жолугушту. Компания Османие провинциясында гана эмес, бүткүл Түркия аймагында темир жол долбоорлорун ишке ашырууну камтыган инфраструктуралык объектилердин курулушуна адистешкен. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда инфраструктура жана энергетика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу келечеги талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти жана өз ара кызыкчылык жараткан конкреттүү инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

 

​​​​​​​

Последние новости