www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн кыргыз саясатындагы салмактуу фигура катары көрүп, сүйлөсө булбулдай сайраган саясатчыларды шайлоодо даана көрдүк. Эптеп-араң дегенде миңден араң ашкан добуш алышты.

Көрсө, карапайым эл көрөгөч тура. Эл буудай куурган тил менен куру кыйкырык өлкөнүн жүгүн көтөрө албасын, мыйзам жазууга билим менен акыл керектигин жакшы билет экен. Ошондуктан көпчүлүк өзү жөнүндө «менмин» деп төш каккандарды шайлоодо эле артта калтырды.

Буга чейин Адахан Мадумаровдун күчү менен депутат болуп келгендердин бул жолу карааны да көрүнгөн жок.

Эми минтип ар ким өз дараметин жана баасын көрдү. Эси болсо, курулай кыйкырык менен элдин көңүлүн бурууга, курсак тойгузууга болбой турганын, элдин ишенимине кириш үчүн чыныгы эмгек керектигин түшүнгөндөр бардыр.

Бул шайлоо дагы бир жолу далилдеди: кыргыздын «торпоктун чуркаганы саманканага чейин» деген макалынын түпкү маани-мазмуну бекеринен айтылган эмес. Өзүн жогору баалагандардын бир тобунун жүзү ачылып, аброю сыналды. Элдин таразасынан өтүү — оңой эмес, ар ким эле элегинен чыга албайт.

Последние новости