www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда өз балдарын сабаганы үчүн, аял киши уруп-сабап кыйноо фактысы боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-декабрда социалдык тармактарда белгисиз азиат улутундагы, болжол менен 30-35 жаштагы аял эки баланы үйдүн ичинде сабап жаткан видео тараган.
Бул факты Сокулук РИИБде катталып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө чоңдордун жана балдардын өздүгү аныкталып, алар Сокулук айылынын тургундары: энеси - 1995-жылы туулган М.А., жана анын жолдошу - 1988-жылы туулган Н.М. Жабыркаган балдар - 2016-жылы туулган М.А., жана 2018-жылы туулган М.М. Алардын баары тергөө кызматына тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн жеткирилген.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) жана 139-беренеси (Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, окуя 2025-жылдын 26-ноябрында болгон. М.А. жолдошу менен үч айга жакын убакыттан бери урушуп жүргөндүктөн, ага өч алуу максатында балдарын сабаганы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, жаран М.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөө иштери улантылууда.