www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары кыргыз коомунда кооптуу тенденциялар күчөп баратканы байкалууда. Социалдык тармактарда өздөрүн диний лидер катары көрсөткөн айрым блогерлер көп аял алууну ачык пропагандалап, мыйзамды өзгөртүүгө чейин чакырык таштап жатышат. Маселенин түпкү маңызына үңүлө турган болсок, бул көрүнүш мамлекеттин укуктук жана интеллектуалдык негиздерине сокку уруучу кооптуу процесс экенин аңдоого болот.

Эң негизги көйгөй — коомдук пикирди мурдагыдай окумуштуулар, жазуучулар жана маданият өкүлдөрү эмес, социалдык тармактагы чуулгандуу диний фигуралар аныктап баратканы. Бир кезде интеллигенция коомдун багытын көрсөтүп, талкуунун деңгээлин көтөрүп турса, бүгүн “лайк” менен “просмотрдун” артынан түшкөн популисттик блогерлер элдин аң-сезимине таасир этүүдө. Бул — интеллектуалдык вакуумдун белгиси.

Мындай боштук пайда болгондо аны көбүнчө радикалдуу идеялар толтурат. Көп аял алууну “эркектин укугу” же “диндин талабы” катары көрсөтүүгө аракет кылган айрым молдолор дал ушул ыкманы колдонуп жатышат. Бирок Кыргызстан — светтик мамлекет. Өлкөнүн мыйзамдары бардык жаран үчүн бирдей иштеши керек. Кылмыш-жаза мыйзамында көп аял алуу мыйзам бузуу катары көрсөтүлгөнүнө карабастан, аны ачык колдоп чыгуу мамлекеттик тартипке каршы идеологиялык чакырык катары бааланууга тийиш.

Маселенин дагы бир маанилүү жагы — аялдардын укугу. Көп аялдуулукту “улуттук баалуулук” же диний өкүм катары романтизациялоо көбүнчө аялдын социалдык коопсуздугу, психологиялык абалы жана экономикалык теңсиздиги сыяктуу маселелерди көмүскөдө калтырат. Коомдо эркектин үстөмдүгүн мыйзамдаштырууга умтулган тенденциялар күчөгөн сайын, гендердик тең салмактуулук да коркунучка кептелет.

Ошол эле учурда коом “динчилдер” жана “светтиктер” болуп бөлүнүп баратканы да байкалат. Бул — өтө кооптуу көрүнүш. Себеби мыйзамдан жогору диний эрежелерди коюу аракети акырында мамлекеттин укуктук негиздерин алсыратат. Эгер бүгүн мыйзамды тоготпогон чакырыктар кадимки көрүнүшкө айланса, эртең мамлекеттик башкарууну диний норма менен алмаштыруу идеялары да күч алышы мүмкүн.

Бирок бул көрүнүштү бүтүндөй коомдун акыркы чекити катары кароого болбойт. Кыргызстанда дагы эле билимди, илимди жана сынчыл ой жүгүртүүнү сактап келе жаткан жаштар да, улуу муун өкүлдөрү да бар.

Маселе — алардын үнү коомдук мейкиндикте жетиштүү деңгээлде угулбай жатканында.
Коомдун деңгээли кимдерди үлгү тутканынан билинет. Эгер жаштар үчүн илимпоз же мугалим эмес, популисттик көз караштагы блогер же диний фигура “баатырга” айланса, анда бул жагдай мамлекеттин руханий багытын кайра кароо зарылдыгын көрсөтөт.

Кыргызстанга бүгүн эң биринчи кезекте интеллектуалдык ренессанс керек. Коомду өнүктүрө турган күч — эмоцияга негизделген популизм эмес, билимге, мыйзамга жана жоопкерчиликке таянган аң-сезим. Дин — ар кимдин жеке ишеними. Бирок ал мыйзамды алмаштырган куралга айланганда, мамлекет да, коом да чоң тобокелчиликке туш болот.

Өлкө жетекчилери мына ушул маселеге олуттуу маани берип, азыртадан мыйзамга каршы жана мамлекеттин негиздерин алсыраткан көрүнүштөрдү ооздуктоого тийиш. Бүгүн чара көрүү зарыл. Антпесе, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Последние новости