www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук департаментинин аскер кызматкери Чүй облусунда 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Облустук Ички иштер башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктады.
Маалымат боюнча, жабырлануучу жана анын курбусу 8-май түнү эки жаш жигит менен таанышкан. Кийинчерээк алардын бири Кой-Таш айылынын жанындагы капчыгайда кыздардын бирин зордуктоого аракет кылган.
"Шектүү кылмыш жасоого үлгүргөн эмес, анткени жабырлануучунун курбусу келип калган", - деп билдиришти милициядан.
Шектүү 20 жаштагы С.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө иштери уланууда.