www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-17-февраль аралыгында Индиянын Гувахати шаарында кыргыз-индия биргелешкен "Канжар-2026" машыгуулары өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага 52870 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары катышууда.
Машыгуунун максаты биргелешкен атайын операцияларды өткөрүүдө өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Эки жумага созулган программанын алкагында тоолуу аймактарда мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү нейтралдаштыруу жана шаар шартында күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгууда.
Программа тактикалык, тоо, ок атуу жана аскердик-медициналык даярдыкты, имараттарды штурмдоону, толук жабдууда сууда сүзүүнү, инженердик даярдыкты, учкучсуз учуучу аппараттарга каршы аракеттенүүнү, тик учактардан аркан аркылуу түшүрүүнү, ошондой эле экстремалдык шарттарда аман калуу көндүмдөрүн камтыйт.