www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз эл жазуучусу, публицист, журналист Калканбай Ашымбаев 94 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Аны менен коштошуу зыйнаты 25-августта саат 10:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Калканбай Ашымбаев 1932-жылы 10-майда Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында туулган.
Ал көп жылдар бою проза, публицистика жана фельетон жанрларында иштеп, СССРдин Журналисттер союзунун жана СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Калканбай Ашымбаев «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Эл агартуунун отличниги» наамдарын алган.
Коштошуу зыйнатынан кийин Калканбай Ашымбаев Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.