www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1–5-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын капчыгайындагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында масштабдуу маданий жана спорттук программа уюштурулат.
Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор үчүн концерттер, этнофестивалдар, улуттук оюндар жана сынактар өткөрүлөт. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, улуттук кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулат.
1-сентябрда «Этно-Базар» ишин баштайт.
2-сентябрда «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» аттуу маданий программанын расмий ачылыш аземи өтөт.
3–4-сентябрда улуттук оюндар, салт-санааларга арналган иш-чаралар, айтыш, боз үй тигүү жана «Кыз-жигит Сармерден» сыяктуу сынактар уюштурулат.
5-сентябрда маданий программанын жабылыш аземи, чоң концерт жана сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.
Мындан тышкары, 1–5-сентябрь аралыгында ордо, жаа атуу, бүркүт салуу, таяк тартыш, аркан тартыш, улуттук күрөш жана башка салттуу спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чаралар кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада-салтын жана көчмөндөрдүн мурасын кеңири таанытууга багытталган.