www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы Чүй проспектиси – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси – Жибек-Жолу проспектиси аркылуу Ала-Арча суусуна чейин – Турусбеков көчөсү – Баялинов көчөсү – Абдрахманов көчөсүн камтыйт.
Суу "Белинский" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
"Бишкексууканал" ишканасы тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Талант Рыскулбек уулу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун директору болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн, 6-апрелде Курулуш министри Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Бактыяр Станбеков борбордун жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып, жаңы кызматына ийгиликтерди каалашты.