www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Ак-Ордо конушунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктады.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, учурда мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.

Долбоор мамлекеттик казынадан каржыланып, билим уясы заманбап үлгүдө, ири панелдүү типте салынды. Алсак, кенен окуу класстар, лаборатория, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү, информатика классы, китепкана, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы бар.

Курулуш иштери 2025-жылы башталып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Ак-Ордо конушунда дагы 2 чоң мектеп курулуп жатат.

Последние новости