www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тиешелүү тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу төрт департаменттин директорлоруна карата ички ротация жүргүзүлдү.
Иш-чара Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги алдында өтүп, министрдин орун басарлары жана кызматкерлер катышты.
Чечимге ылайык;
Эрназарбек Суеркулов - Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды.
Ал эми Маратбек Акназаров - Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору болуп дайындалды.
Ислан Момоконов - Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Инженердик-изилдөө департаментинин директору болуп дайындалды.
Ал эми Болот Чолпонбаев - Инженердик-изилдөө департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп дайындалды.
Министр белгилегендей, ички ротация кадрдык потенциалды натыйжалуу пайдалануу, башкаруу системасын өркүндөтүү, тажрыйба алмашууну күчөтүү жана ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлдү.