www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-февралда саат 17:00 чамасында Бишкектин Фрунзе жана Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде муниципалдык инспекциянын инспектору укук бузуу фактысын аныктаган. Н.К.С. аттуу жаран 08KG166ALF мамлекеттик номурлуу унаасын жашыл аянтка токтотуп койгон.
Муниципалдык инспекциядан билдиришкендей, укук бузуу аныкталгандан кийин айдоочу документтерин көрсөтүүдөн баш тартып, күнөөсүн мойнуна алган эмес.
«Ал инспектордун талаптарын этибарга албай, жөө жүргүнчүлөр үчүн бөлүнгөн жолдон унаасын айдап кетүүгө аракет кылды. Инспектор укук бузуучуну токтотууга аракет кылып, өзү унаанын жолун тоскон. Бирок айдоочу унаасы менен инспекторду сүзүп, андан ары унаасы менен сүйрөп кеткен», -деп билдиришти инспекциядан.
Милиция кызматкерлери аталган жаранды кармап, Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилди. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факт боюнча 1970-жылы туулган К.Н. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодекстин 126-беренеси (кичинекей бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.