www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районунда ишке ашырылып жаткан Куршаб-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоордун алкагында жалпы узундугу 42,3 чакырымды түзгөн Отуз-Адыр, К-9, К-9-1 жана МКС каналдары реконструкцияланып, жаңы суу алуучу курулмалар жана башка гидротехникалык объектилер курулат.

Долбоор ишке ашкандан кийин 13 миң гектардан ашуун сугат жеринин суу менен камсыз болушу жакшыртылып, жети айыл аймагы менен бир шаардагы 348 миңден ашуун тургундун жашоо шартына оң таасирин тийгизери белгиленди.

Иш сапардын жүрүшүндө Эрлист Акунбеков курулуш иштеринин темпин ылдамдатууну жана объектти белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Последние новости