www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө көл ортосунда калган 5 адам куткарылды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Яхта-Клуб-2 тилкесинде көл үстүндө майы түгөнүп калган катер жээктен алыстап кеткен.

Бул тууралуу маалымат 18-июнь күнү Өзгөчө кырдаалдар кызматына түшкөн.

Окуя болгон жерге саат 22:25те Чолпон-Ата шаарындагы №31 Өрт-куткаруу бөлүгүнөн үч куткаруучу тартылган.

Куткаруучулар катердин ичиндеги беш жаранды аман-эсен жээкке чыгарып, көлдө калган катерди да жээкке жеткиришкен.

ӨКМ жарандарды көлгө чыгар алдында кайыктын жана катердин техникалык абалын алдын ала текшерип, коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Последние новости