www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) өлкө аймагында иш алып барып, чет өлкөлүк жарандарды интернет аркылуу алдап келген эл аралык кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотту.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу схема заманбап маалыматтык технологияларды, атайын программаларды жана чет өлкөлүк төлөм системаларын колдонуу менен уюштурулган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жүрүшүндө көп сандагы компьютердик техника, уюлдук телефондор жана мыйзамсыз аракеттерде колдонулган башка техникалык каражаттар алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыштуу топтун аракеттери Кыргызстандын жарандарына эмес, чет өлкөлөрдүн жарандарына каршы багытталганы аныкталган.

УКМК мындай кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотуу Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоодо жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүдө маанилүү экенин белгиледи.

Учурда кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Последние новости