www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыл сайын 1-майда “Кумтөр” алтын кенин казып жаткан Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы өзүнүн 11 кишиден турган директорлор кеңешин шайлайт. Анын 11 мүчөсүнүн 3 мүчөсүн Кыргызстан көрсөтөт. Быйыл да 1-майда Кыргызстандан былтыр шайланган 3 киши: Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаев кайра шайланганы кечээ, 5-майда Centerra Gold Inc. компаниясынын расмий сайтына жарыяланды.
Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы директорлор кеңешинин мүчөлөрү Дүйшөн Касенов, Максат Көбөнбаев жана Аскар Өскөмбаевдин ар бири ай сайын $15 000 айлык алышат. Жылдык кирешелери $180 000 түзөрү белгилүү.

Ошол эле учурда 2019-жылы канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы “Кумтөрдөн” алтын казып, $800 млн киреше таап, Кыргызстанга $2 млн дивиденд бергенин 30-апрелде парламенттин отурумунда депутат Аалы Карашев билдирди. Ага жооп кылып жыйынга катышып жаткан премьер-министр Абылгазиев дагы $7 млн төлөп берүүсүнө макулдаштык, аны берсе $9 млн дивиденд алабыз деп кубанды. Ошондо да Кыргызстандын алтыны жаткан “Кумтөрдөн” канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы тапкан кирешенин 1%  Кыргызстан алабы? деген суроо ар бир кыргызды ойлонтуп жаткан болушу керек. Экс-прокурор Сыймык Жапыкеев жана башка активисттер алтын биздин мамлекетибиздики болуп туруп, ушунчалык аз каражат өлкөбүзгө калып жатканын айтып, нааразы болуп келишкени менен азырынча бул иштен майнап чыга элек. 

Эске сала кетсек, Аскар Акаевдин режими учурунда (1993-2005-жылдар) Кыргызстандын “Кумтөр” алтын кениндеги үлүшү 67%дан 12%га түшүп кеткен. Курманбек Бакиевдин режими мезгилинде (2005-2010-жылдар) Кыргызстандын үлүшү 12%дан 33%га чейин көтөрүлгөн, ал эми Алмаз Атамбаевдин заманында 33%дан 26%га төмөндөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости