www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жааган нөшөрлүү жаандын кесепеттеринен сел жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак району жана Манас шаарындагы аймактарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жеринен барып көрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр сел каптаган аймактардагы абал менен таанышып, селдин келип чыгуу себептерине жана кооптуу тилкелерге өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле жеринде жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алды.
Министрликтин алдындагы Мониторинг департаментинин өкүлдөрүнө сел сууларынын агымын ыкчам изилдеп чыгып, сел каналдарынын альтернативдүү багыттарын кароо жана алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, кооптуу аймактарга инженердик коргонуу чараларын көрүү жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерди тездетүү тапшырылды.