www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 133кө жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктар саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланган. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 40 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазышууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин телекайрылуу жасап, кол салууну “кандуу жана варвардык теракт” деп атады. Орус президенти окуяга шектүүлөр кармалганын жана бардык күнөөлүүлөр жазасын аларын белгиледи. Ал шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирди. Бирок анын чоо-жайына токтолгон жок.

Буга чейин Украинанын президентинин администрация башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кандуу кол салууга Киевдин эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников президент Владимир Путинге "Крокус Ситидеги” кол салууга шектүү 11 киши кармалганы жөнүндө маалымат берген.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган.

"Крокус Сити Холлдогу" окуядан кийин кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террористтик тобу алганы тууралуу билдирүү пайда болду. ЖМКга чыккан бул билдирүүнүн чындыгы күмөн санатууда. Бирок CBS жана New York Times атын атабаган булактарга таянып, АКШнын чалгын кызматы "Ислам мамлекети" тобунун Москвага кол салуусуна катышы бардыгын айтып жатышканын, Орусияга алдын ала теракт болушу мүмкүн деген маалыматтарды бергенин жазышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости