www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Крокустагы" терактыны аткаргандар, уюштургандар жана буюртма бергендер жазасын алат. Бул Россия жана россиялыктар үчүн катуу сокку болду. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Москва облусундагы терактыдан кийин элге кайрылуу учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бул кылмышты жасагандар, аны уюштуруп, буюртма бергендердин баары ким болбосун, ким жибербесин жазасыз калбайт. Бул кылмышты даярдап, артында тургандын баары адилеттүү түрдө жазасын аларын дагы бир жолу кайталайм. Бул Россия өлкөсү жана эли үчүн катуу сокку болду", — деген Путин.

Ал террорчулар Украина тарапты көздөй кеткенин айткан

"Крокуста" элге ок аткандар Украина тарапты көздөй кеткен. Ал жакта террорчулардын чек арадан өтүшү үчүн "эшик" даярдалган. Тергөө жана укук коргоо органдары терактынын чоо-жайын аныктоо үчүн бардык аракетти көрүшөт. Кылмышкерлер адамдарды, россиялыктарды бир учурдагы нацисттердей эле аткылашкан", — деген РФ президенти.

"Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт 22-мартта болгон. Белгисиз адамдар элди аткылап, андан соң имаратта өрт чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, каза болгондордун да, жабыркагандардын да саны 100дөн ашты.

Терактыга түздөн-түз катышы бар делген 11 адам кармалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости