www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Орусияда 24-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады

Орусиянын президенти Владимир Путин “Крокус Сити Холлдогу” кол салуунун курмандыктарына байланыштуу 24-мартты жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Соңку маалыматтар боюнча кол салуудан каза болгондордун саны кеминде 115 кишиге жетти. Күч органдары бул сан көбөйүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Путин телекайрылуу жасап, кол салууну “кандуу жана варвардык теракт” деп атады. Ал жалпы адамдардын өмүрүн куткаргандарга ыраазычылык билдирип, Москва жана башка аймактарда антитеррористик кошумча чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Орус президенти кандуу окуяга шектүүлөр кармалганын жана бардык күнөөлүүлөр жазасын аларын белгиледи. Ал шектүүлөр Украинаны көздөй баратканда кармалганын, аларга чек арадан өтүп кетүүгө “жол” даярдалганын билдирди. Бирок анын чоо-жайына токтолгон жок.

Москва облусунун Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 115ке жетти. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети кабарлады. Мекеме курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирүүдө.

Алдын ала маалыматта каза тапкандарга ок тийген, айрымдары ышка ууланышкан. Москва облусунун Саламаттык сактоо министрлиги каза болгон 40 адамдын аты-жөнүн, туулган жылын тактады. Мекеме 140 киши жабыркаганын кабарлады. Айрым медиа каражаттары 180ден ашык киши жараат алганын жазышууда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Крокус Ситидеги” кол салуу дыкат даярдалганын, шектүү 11 киши Брянск облусунан кармалганын билдирди.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Орусиянын Тергөө комитети окуяны "теракт" деп атап, кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости