www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кремль Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Париждеги Олимпиада оюндары учурунда дүйнөдөгү согуштук аракеттерди токтотуу сунушун ишке ашыруу боюнча расмий кадамдарды эч бир тараптан көрбөй жатат. Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бүгүн, 16-апрелде журналисттерге билдирди.

Француз лидери тиешелүү ойду бир күн мурун билдирген. Макрондун айтымында, ал аны Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен талкуулайт.

Песков бул сунушка комментарий берип жатып: "Ушул убакка чейин эч ким бул боюнча расмий кадамдарга барган эмес,"-деди.

Ал Россиянын президенти Владимир Путинге ушул сыяктуу суроолор бир нече жолу берилгенин эске салды. Ошол эле маалда мамлекет башчысы да, аскерлер да Киев режими мындай демилгелерди адатта кайра куралдандыруу же кайра топтоо аракети үчүн колдоно турганына көңүл бурду.

"Бул тенденция тиешелүү идеяларды кароо процессин бир топ татаалдатат",- деп белгиледи Кремлдин расмий өкүлү.

Бир күн мурун, 15-апрелде, Макрондун олимпиадалык элдешүү сунушун француз аскер офицери Ален Корвес сынга алган. Анын пикиринде, Франциянын президенти республиканын дипломатиясын толугу менен жок кылды жана анын бүткүл дүйнө боюнча ок атышууну токтотуу идеясы ишке ашпайт. Корвес мындай демилгени эч бир өлкө Украинада, Газа тилкесинде, Суданда жана планетанын башка жерлеринде Париждин жардамы менен ишке ашырбайт деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости