www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр төрт депутатка жана 11 сотко кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Конституциялык мыйзамдар жана Укук тартиби комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экс-депутат Жаныбек Абировдун иши тараптардын жарашканына байланыштуу кыскартылган. Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиевдин иши сотко жөнөтүлүп, Адахан Мадумаровго болсо соттун өкүмү чыккан.

Ал эми сотторго карата былтыр 11 кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен төртөө сотко жиберилген, үчөө өндүрүштө токтотулган. Эки иш бириктирилип, бирөө тергелүүдө.

"Лейлек райондук сотунун судьясы Жапаровго эки иш козголуп тартип комиссиясына жөнөтүлүп, иммунитетинен ажыратуу каралууда. Ош шаардык сотунун судьясы Малдыбаевди иммунитетинен ажыратуу боюнча Соттор кеңешине сунуш берилип, кылмыш иши тергелүүдө. Тоң районунун экс-судьясы Каримбековага эки кылмыш иши козголуп Каракол шаарынын сотунун кароосунда. Бишкек шаарынын Ленин районунун сотунун судьясы Кенжебаевге, Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязовага карата козголгон кылмыш иштер Биринчи май райондук соттун кароосунда турат. Свердлов райондук сотунун судьясы Адимовго эки миллион сом айып салынган. Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Абдыкалыковдун иши соттун кароосунда", — деди Зулушев.

Ошондой эле ал Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиева ооруп жатканына байланыштуу кылмыш иши токтотулганын кошумчалады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости