www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде КР УКМК Каракол шаарындагы күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүздү.

Тергөө жана оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө айрым күрөөканалар КРнын "Күрөөканалардын иши жөнүндө" Мыйзамынын жана КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июлундагы №353 токтому менен бекитилген "КРнын аймагында күрөөканалардын ишин уюштуруунун минималдуу талаптары жөнүндө" Жобонун талаптарын аткарбагандыгы аныкталган (алар күрөө катары жарандык паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды ж.б. катташкан).
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 16 күрөөканага мөөр басылып, калгандарына карата текшерүү иш-чаралары улантылууда.

Ошол эле учурда, белгиленген пайыздык чендердин (30% дан жогору эмес) ашыкча бааланышына жол бербөө жана 2013-жылдын 24-июлундагы № 163 "Сүткорлук иш-аракетин чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын так сактоо максатында, ломбарддардын ээлери жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан улам, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды сергек болууга жана насыя жана башка мүлккө байланыштуу документтерди алууда, кол коюп жаткан документтерин кылдаттык менен карап чыгууга чакырат. Эгерде сиз күрөөкана кызматкерлеринин алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерине (анын ичинде күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап тартып алууга байланыштуу аракеттерине) туш болсоңуз, анда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына (03922 5-11-80) байланыш номери аркылуу кайрылууну сунуштайбыз.

Последние новости