www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Горду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүү, ошондой эле транспорт, санариптештирүү, финансылык технологиялар, жасалма интеллект жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен өз ара пайдалуу жана тең укуктуу негизде эки жана көп тараптуу кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Садыр Жапаров тышкы өнөктөштөр менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенине көңүл бурду. Президент ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.
Бул контекстте ал “B5+1” (Business 5+1) платформасынын маанисине токтолуп, бүгүн Бишкек шаарында ишин баштаган “B5+1” экинчи диалогдук форуму Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга, ошондой эле аймактык өз ара байланышты чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү менен катар Кыргызстан “C5+1” (Борбордук Азия - АКШ) платформасынын алкагында өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Акыркы 10 жылда бул диалогдук аянтча Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган натыйжалуу механизм катары өзүн көрсөттү.
АКШнын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Президент Садыр Жапаровго АКШнын Президенти Дональд Трамптын саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.
Ал Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Серджио Гор экономикалык дипломатияга басым жасап, Бишкекке "B5+1" форумуна катышуу үчүн АКШнын ири бизнес делегациясы келгенин айтып, бул эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү үчүн жакшы негиз болот деген ишенимин билдирди.
Андан соң Президент Садыр Жапаров жана Америка Кошмо Штаттарынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча Атайын өкүлү, Элчи Серджио Гор америкалык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөрдү улантышты.