www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК тарабынан интернет аркылуу сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу (вемкам-студия) жана ага көмөктөшүү боюнча Ч.у.Э., Н.А.К., Р.Б.Р. жана А.к.Ш. аттуу жарандар кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды, алар Бишкек шаарында вебкам-студияларынын тармагын уюштуруп, иштөөсүн камсыз кылган.
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу максатында Бишкек шаарынын ар кайсы аймактарынан батирлерди ижарага алып келишкени аныкталган. Аталган аймактарда ыкчам тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан веб-камералар, жарык берүүчү жабдуулар, компьютердик жабдуулар жана башка техникалык жабдуулар, эротикалык кийимдер жана атрибуттар, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү ачык-айкын онлайн көрсөтүүлөрдү жүргүзүү үчүн арналган оюнчуктар табылып, алынган.
Белгилей кетсек, веб-камерага моделдерди кабыл алуу социалдык тармактарда жарнама аркылуу ишке ашырылган. А.С.Н., С.А.С., Т.М.М., А.А.А., М.А.А., Т.М.У аттуу вебкам моделдерине карата административдик чаралар көрүлгөн.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.