www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда талкууга алынган «Кытайлар Жетим-Тоону казып жатат» деген маселенин айланасында активист Тимур Саралаев өз пикирин билдирди.
— Акыркы жылдары коомчулукта «Кытайлар Жетим-Тоону казып жатат» деген маалымат кайра-кайра кайталанып келет. Социалдык тармактарда бул теманын айланасында уу-дуу кеп, курулай чочулоо жана фактыларга таянбаган дооматтар көбөйүп кетти. Бирок, бул чын эле реалдуубу? Же болбосо саясий кызыкчылыктын айынан ойлоп табылган кезектеги мифпи? Келгиле, чындыкка бет буруп көрөлү.
Фантазиянын артында эмне турат?
«Миллиондогон тонна темир рудасы ташылып жатат» деген кептер — фактыларга эмес, элестөөгө негизделген. Чындыгында, Жетим-Тоодо толук кандуу геологиялык изилдөөлөр да али баштала элек. Башкача айтканда, кендин көлөмү, курамы жана экономикалык пайдалуулугу тууралуу так маалыматтар жок. Бул — азырынча ал жерде эч кандай казуу иштери жүрүп жаткан жок дегенди билдирет.
Казуу иштери эмне талап кылат?
Кен иштетүү — бул татаал, көп жылдарга созулган жана ири каржыны талап кылган процесс. Жетим-Тоону иштетүү үчүн төмөнкү шарттардын бардыгы аткарылышы керек:
1. Геологиялык чалгындоо – Кеминде 2 жылдык изилдөө, бургулоо жана лабораториялык анализдер жүргүзүлүшү керек.
2. Инфраструктура – Жолдор, көпүрөлөр, электр энергиясы, суу системалары. Азырынча ал жакта мындай нерселер жок.
3. Карьер же жер астынан казуу – Ири курулуш иштери, миллиарддаган инвестиция талап кылынат.
4. Ылгоо фабрикасы – Темир рудасы түздөн-түз колдонулбайт, аны иштетүүчү комбинаттар курулушу керек.
5. Логистика – Ири көлөмдөгү жүктү ташуучу темир жолдор же кең трассалар курулушу зарыл.
6. Заманбап жабдуулар – Миллиондогон доллар турган техникалар жана жабдуулар талап кылынат.
7. Кадр маселеси – Миңдеген инженерлер, жумушчулар керек, аларды даярдоо өзүнчө маселе.
8. Экология жана мыйзамдык уруксаттар – Ар түрдүү экспертизалар, ченемдер, экологиялык баалоо.
Бул этаптардын баары аткарылмайынча, «Жетим-Тоо казылып жатат» деген сөздүн өзү эле негизсиз. Андыктан кээ бир саясатчылар жана коомдук активисттер элдин ишенимин алууга аракет кылып, Жетим-Тоо темасын курал катары колдонуп келишет. Фактыларга эмес, элдин коркуусу менен иштеп, «чет өлкөлүктөргө сатылып кетти» деген сыяктуу популисттик билдирүүлөрдү таратып жатышат. Андыктан жогорудагы айтылгандай иш-аракеттер болбогон соң, коомдогу ар түрдүү жалгандарга ишенбөө керек, - деди Тимур Саралаев.