www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште белгилүү дипломат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX-XI чакырылыштагы депутаты, мамлекеттик жана коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаеванын 80 жылдык маарекеси белгиленди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Жаңыл Түмөнбаева жана анын үй-бүлөсү, ошондой эле бир катар меймандар катышты.
Алгач Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Жаңыл Түмөнбаеваны 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун куттуктоо сөзүн окуду.
«Сиз 80 жылдык өмүрүңүздүн көпчүлүгүн мамлекеттик-коомдук иштерге арнап, узак мезгил эл кызматында жүрдүңүз. Турдакун Усубалиев, Төрөбай Кулатов, Абсамат Масалиев сындуу кыргыздын кыраан уулдары менен бирге иштешип, мыйзам чыгаруу жаатында да, аткаруу бийлигинде да үзүрлүү эмгектендиңиз. Дипломатия багытында да алгылыктуу иштерди алып барып, мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоого зор салымыңызды коштунуз. Сизди көп кырдуу адис эле эмес, жаратман инсан катары да билебиз. Анткени, өндүрүш тармагын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикасын алдыга жылдыруу багытында чоң иштерди жасадыңыз. Сизди дагы бир жолу 80 жылдык маарекеңиз менен куттуктап, бекем ден-соолук, узак өмүр тилейм! Элиңиздин сыйына бөлөнүп, шакирттериңиздин жана урпактарыңыздын урматына чулганын аман жүрүңүз!» - деп айтылат Төраганын куттуктоосунда.
Андан соң Жаңыл Түмөнбаеванын өмүр-жолу, саясий ишмердүүлүгү жана жасаган эмгектери чагылдырылган даректүү тасма көрсөтүлдү. Тасманы улай маареке ээси өзү дагы сөз сүйлөп, мындай саамалыкты уюштурган Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна жана тасманы даярдоо демилгесин көтөргөн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кудайберген Базарбаев баштаган бир катар коноктор дагы Жаңыл Түмөнбаеваны куттуктап, анын мамлекеттик башкаруу жана дипломатия чөйрөсүндөгү кылган иштерине кеңири токтолуп өтүштү.