www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 5-февралда № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында чүчү кулак өткөрөт.
Ушул эле күнү 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара тыгыз кызматташып, БШКнын атайын өкүлү, округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:
– “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчү кулак өткөрүү үчүн имаратты техникалык жабдуулар менен лототронду камсыздоо;
– чүчү кулакты өткөрүүдө коомдук байкоочуларга, талапкерлердин өкүлдөрүнө катышууга жол берүү;
– чүчү кулакты өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алдын ала кабар жөнөтүү.
КР БШКнын атайын өкүлү жана округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы 5-февралда өтүүчү чүчү кулакты уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлгө алат.