www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу Фридрих Эберт фондунун Кыргызстандагы өкүлү Филипп Ян менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыктарын талкуулап, аны мындан ары да чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган маселелерге токтолушту. Айрыкча эмгек укуктарын коргоо, социалдык диалогду бекемдөө, профсоюз кыймылынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу багыттарындагы биргелешкен иш-чаралар жогору бааланды.

Ошондой эле келечектеги кызматташтыктын пландары, жаңы демилгелерди ишке ашыруу жана Кыргызстанда татыктуу эмгекти илгерилетүүгө багытталган долбоорлор талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Мурадил Джумадилде уулу Фридрих Эберт фондуна өлкөдө эмгек жана социалдык укуктарды өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Последние новости