www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскерде кызмат өтөп жүрүп бир көзүнөн айрылган Кубан Молдалиевдин иши Талас райондук сотунда кайра башынан каралмай болду. Бул тууралуу 26-февралда «Азаттыкка» анын укугун коргоп жаткан «Кылым шамы» борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирген.

Маалыматка ылайык, бардык күбөлөр суралып, ишти кароо жыйынтыкталып калганда судья алмашып кеткен.

2018-жылы жазында армияга чакырылган Кубан Молдалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын №2029 аскердик бөлүгүндө кызмат кылып жүрүп ушул эле жылдын 11-июнунда таяк жеген. 

Жабыр тарткандан бир айдан кийин госпиталга жеткирилген учурда жоокер Молдалиевдин сол көзү соолуп калганы аныкталган.

2019-жыыл 9-февралда «Кылым шамы» уюму жоокердин ата-энеси менен кошо басма сөз жыйынын өткөрүп, Молдалиевдин иши иликтенбей жатканын айтышкан. Алар президентке да кайрылуу жазышкан. Ошол эле күнү Аскердик прокуратура жоокерди сабаган деп шек саналган Иманбеков кармалганын, соттун чечими менен камакка алынганын кабарлаган.

Кубан Молдалиев - Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну, бир үйдүн жалгыз уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости