www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орустар Сочи шаарында болуп өткөн юмористтер кечесинде “Коррупция жок болуп кетсе, коррупционерлер ачка калбайбы” –деп тамашалап жатышат. Биздин Кыргызстандагы КОРРУПЦИОНЕРЛЕРДИН
СТАВКАЛАРЫ боюнча саясат жаатында жакшы пикирлерин айта калчу Дамира Токтосунова ушундай ой-пикирин айтыптыр, бир-аз алымча-кошумча комментарийлеп көрөлү:

1 . АК ҮЙДӨ , ПРЕЗИДЕНТТИК АППАРАТТА - 1млн. $ - 1 млрд. $ чейин ;

Масалиев заманында коррупция кылгандан коркушчу. Акаев: “Коррупция жетинчи кабатка жетти”-деп кан-какшап калчу.Ошол мезгилден баштап коррупция жетинчи кабаттан түшпөй келатат.
2 . КӨК ҮЙДӨ , ӨКМӨТТӨ - 100 миң $ -100 млн. $ чейин ;

Жумабек Ибраимов деген премьер-министр болгон. Ага акча берип чоң кызматка келе турганга макул болбой койгон. Акимдин баасы анда  50 миң доллардан 300 миң долларга чейин экенин айтып,эч кимден акча албай бирок тез эле көз жумган.
3 . ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ - 1000 $ - 100 млн. $ чейин ;

Атамбаев кээ бир акчасы жокторду жетелеп, айдактап парламентке алып келген. Арийне, депутат болгондон кийин сатып кетишти. Эми жаңы депутаттардын тизмеси түзүлүп жатыптыр, булардын канчоосу депутат болору белгисиз.
4 . СОТТО -1000 $ - 1 млн. $ чейин ;

Сотто иштеш үчүн 1000 доллар аздык кылат.
5 . БАЖЫДА ( таможняда ) - 100 $ - 100 млн. $ чейин ;

100 доллар эмес. 100 миң доллар болуш керек.
6 . ПРОКУРАТУРАДА - 500 $ - 500 миң. $ чейин ;
7 . ИИМде ( МВДда )- 50 $ - 50 миң. $ чейин ;
8 . МАМ.КАТТООдо ( Госрегистрде ) - 50 $ - 100 миң. $ чейин ;
9 . МЭРИЯда - 100 $ - 10 млн. $ чейин ;
10 . ГУБЕРНАТОРЛОРдо - 100 $ - 1 млн. $ чейин ;
11 . АКИМИЯТТАРда - 50 $ - 100 миң. $ чейин ;
12 . АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРдө - 10 $ - 50 миң. $ чейин ;
13 . ГЕОЛОГИЯда - 100 $ - 1 млн. $ чейин ;
14 . АКАДЕМИЯ НАУК - 50 $ - 50 миң. $ чейин ;
15 . САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИнде - 10 $ - 1000 $ чейин ;
16 . БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫнда - 1 $ - 500 $ чейин ;
17 . ЖУРНАЛИСТИКАда ( ММКда - СМИде) - 50 $ - 50 миң $ чейин ;
18 . НПОлор , НКОлор - 1000$ - 1 млн. $ чейин ;

P. S. : Эми башкалары болжол менен ошондой болсо керек, бирок журналистикада кызматка орношуу боюнча коррупция жок.Анткени, бул тармакта иштеген адамдын иш-дараметине басым жасайт. Экинчиден, айлыгы башкаларга салыштырмалуу төмөн, бирок келечекке карьера жасап алса болот, ошондуктан журналистиканы көпчүлүгү трамплин катары пайдаланышат. Мүмкүн кээ бир журналисттер материалы менен коркутуп коррупциялык иштерге барар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости