www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия мамлекети коронавируска карабай аба каттамдарын ачты.Түркияда COVID-19 инфекциясы акыркы мезгилдерде күч алып кеткен. Бул тууралуу Twitter сайтына Түркиянын Саламаттыкты сактоо министри  Фахреттин Коджа билдирген. Анын айтуусунда өлкөдө август айында биринчи жолу бул илдетке кабылгандардын саны өсүп кеткен.Ошондуктан бул ооруга каршы биримдикте күрөшүү тууралуу Фахреттин Коджа айткан. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтуусуна караганда бүгүн гана 1083 адам катталган. Өлкөдө бардыгы болуп  бул оору менен катталгандардын саны 234 934 адамга жеткен.

1-августан баштап Түркия  менен катташууга Орусия сыяктуу мамлекет аба каттамын ачкан. Азырынча Анкара менен  Стамбулга каттай турган болсо, 10-августтан баштап курорттук аймак эсептелген Анталья, Бодрум жана Даламан багытына да учактар менен катышууга болот. Аэропорттон паспорттук көзөмөлгө чейин учуп келгендердин COVID-19 симптому бар экендиги тууралуу катуу текшерилип, температурасы ченелет.

Коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны боюнча Түркия дүйнөдө 17-чү орунду ээлейт. Ушул инфекциядан ажал тапкандардын саны боюнча 21-чи орунда: 5765 адам каза болду. 1 миллион адамдын ичинен коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Түркияда 68 адам менен 57-чи орунда. Түркиянын мейманканалар федерациясынын жетекчиси Сурури Чорабатырдын айтуусунда пандемиянын айынан чектөөлөр болгонуна карабастан баалар мурункудай эле калат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости