www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

MV Hondius круиздик лайнеринин жүргүнчүлөрүнүн арасында 9 адам хантавирус жуктурган деп шектелген. Алардын жетөөсүнөн бул вирус лабораториялык жактан тастыкталды, деп билдирди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

«Бүгүнкү күнгө чейин тогуз учур катталды, анын ичинен жетөөсү тастыкталды. Ооруга чалдыккандардын үчөө каза болду», - деди Саламаттык сактоо уюмунун өкүлү.

Анын айтымында, «MV Hondius» лайнеринин бир жүргүнчүсү азырынча оору жуктургандардын тизмесине киргизиле элек. Себеби тестирлөөнүн жыйынтыктары так эмес.

Лайнерде хантавирус эпидемиясы май айынын башында катталган. 10-майда лайнер Тенерифеге келип, жүргүнчүлөр жана экипаж эвакуацияланган.

Последние новости