www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы У Вон Сик Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.
«Элдин эркин жана кызыкчылыгын татыктуу чагылдырган парламент Сиздин жетекчилигиңиз астында мындан ары да жигердүү өнүгүп, мамлекеттик башкаруудагы ролун бекемдей берет деген ишенимдемин», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
У Вон Сик ошондой эле, акыркы учурларда эки өлкө ортосундагы кызматташтык өкмөттөр жана парламенттер аралык саясий диалог, экономика жана маданият, гуманитардык алмашуулар, эл аралык аянтчалардагы биргелешкен иш-аракеттер сыяктуу түрдүү багыттарда ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп: «Мында эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүү негизи катары парламенттер аралык кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Бул байланыштардын мындан ары да кеңейиши Корея менен Кыргызстандын ортосундагы алакаларды жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенем», - деп кошумчалаган.